Бишкекте жол кырсыгынан «Toyota Ist» унаасы оодарылып, 2 кыз жабыркады

8073

Бишкек шаарынын Баялинов менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 17-сентябрда саат 08:30дар чамасында «Toyota Ist» менен «Mazda» унаасы кагышканын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгынан «Toyota Ist» унаасы оодарылып, 2 кыз жабыркады. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын себеби иликтенүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.