Жумалык (09.11.20 – 14.11.20)

1643

Эстрада ырчысы да, куудулу да, өзүн “Кудай” деп эсептегени да, экологу, экс жана азыркы депутаттар, режиссер, укук коргоочу. Өлкөнү башкарууну каалагандардын катары калыңдады. Президенттик кызматтын баркы түштүбү же Кыргызстанда жалаң башкаруучуну эңсегендер жашайбы? Мамлекетти окумуштуусу дагы, окутуучусу дагы, инженери дагы, экономисти дагы башкарып көрдү. Бирок жарымынан көбү куулду.

Тышкы саясаттан тарта Садыр Жапаровдун галстугуна чейин сөз болгон маалымат жыйыны. Бир ай президенттин милдетин аткарган Жапаров ишинин жыйынтыгын чыгарды. Реформа жасаганга жетиштиби? Кайсы тармакта жылыштар болду?

Башканы коюп, Манасты айт. Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөттү. 21-кылымда биринчи жолу узак убакытка Манас айтылды. Кыргызстандыктар 14 саат 27 мүнөт тынбай улуу баян угуп, улуту кыргыз, баатыры Манас экенине сыймыктанышты.