НТС

Жумалык ( 03.06.19 – 09.06.19 ) (видео)

Соттордун жүрөгүнүн үшүн алган адам камакка алынды. Фемида өкүлдөрүнүн эркиндигине кол салып, сотторду көз каранды кылган кишиге дагы кол жетти. Буга чейин Манас Арабаев аттуу таасирдүү адам бар экенин көпчүлүк билгени менен аны көрүшкөн эмес. Соттордун көмүскө кардиналынын ордун азыр бирөө бастыбы? Сот реформасы кайсы этапка жетти?

Коомчулук Орок айылындагы абалга тынчсызданып жатса, област жетекчиси журналисттердин жүзүнө асылды. Чүй өрөөнүнүн башчысы Туйгунаалы Абдраимов жосунсуз жоругу үчүн өкүнбөйт, орой мамилесин андан ары улантты.

Улуттук идеология коркунучта. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кагаз жүзүндө калдыбы? Кыргызстанда мыйзамдар кабыл алынат, бирок аткарылбайт. Мунун кесепети эмнеге алып келет?