Жумалык (02.03.20 – 08.03.20) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

4576

Артык кылам деп тыртык кылдыбы? Экс-депутатты камактан бошотом деп экс-депутат өзү камакка алынды. Садыр Жапаровго байланыштуу митингден кийин сегиз адам абакка киргизилди.

Иштин көлөмдүүлүгү боюнча апрель окуясына байланыштуу жараяндан кийинки эле, Кой-Таш иши сотто териштириле баштады. 19 айыпталуучу 11 берене боюнча күнөөлөнүп жатат. Августтагы башаламандык үчүн жооп берүүгө убакыт келди.

Коронавирустун жайылышы өлкө экономикасын көтөрүп алууга шарт түзөбү? Дүйнөдөгү кризистин таасиринен Кыргызстан кача алабы? Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн импорттолгон товардын ордун толтурууга кудурети жетеби? Кытай менен чек ара жабылгандан бери Кыргызстандын жоготуусу канчага жетти?

Аял үйдүн куту. Балдары үчүн баарына даяр энелер. Базарга да, үйгө да, бийликке да жетишкен аялзаты. Ары оор, ары түйшүктүү жана бактылуу турмушту башынан өткөргөн аялдардын бейнесине сүртүм.