Жумалык (09.03.20 –14.03.20) (видео)

4650

Казакстанда коронавируска чалдыккандар аныкталды. Кошуна өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин прогнозу туура келди. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Дарыгерлер жогорку даярдыкта иш алып барууда. Дүйнөдө коронавируска байланыштуу пандемия жарыяланды. Өлкө элинин саламаттыгы үчүн сырттан товар ташуу токтоп турат, качан жанданаары белгисиз. Кыргызстанга тамак аш импорттоо токтосо азык-түлүктүн запасы канчага жетет?

Валюта базарындагы олку-солку абал. Доллар бир заматта 3 сомго кымбаттады. АКШ акчасынын курсунун көтөрүлүшү базарга кандай таасирин тийгизди?

Качан сандан сапатка өтөбүз? Аткаминерлердин армиясын кыскартуу аракетинен майнап чыкпай калдыбы? Бири-бирин кайталаган жайнаган мекемелер кимге пайда алып келүүдө? Мамлекеттик ишканалар инвентаризацияга муктажбы? Каралбай калган мекемелерге саякат.