Жумалык (16.11.20 – 21.11.20)

1760

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы жазылды. Конституциялык кеңешме түзүлдү. Окумуштуулардан турган топ олуттуу өзгөртүүлөрдү жасай алабы? Кыргызстандыктар жаңы долбоордун авторлоруна издөө салышты. Депутаттардын өздөрү билбеген демилгелери. Парламентаризмди жактагандар президенттик башкарууга өтүүгө каршы чыгышууда.

Саясатчылар конституциялык реформа менен алектенип жатканда коронавирус күч алууда. Эл июль айындагы кайгылуу күндөрдү унуттубу? Өздөрүнүн дагы өзгөнүн дагы саламаттыгына кайдыгер карагандар. Күндө адам өлүмү катталып жатканына карабай, тойлор, кечелер өчү бардай өткөрүп жатат.

Кыргыз өңүн дүйнөгө таанытуу доору. Кыргыз киносуна 79 жыл болду. Керемет тасмаларды жаратып, бирок эмгеги кадр артында эле эмес, такыр каралбай калгандар. Кыргызстанда мындай өзгөчө адис бирөө эле экенин өкмөттөгүлөр билеби?