Мигрант: Добушун саткандар да, сатып алгандар да – наадандар! (видео)

3199

Шайлоодо эң маанилүүсү — жарандын туура тандоо жасаганында. Акаевдин, Бакиевдин заманында шайлоонун жыйынтыгын каратып туруп бурмалап, бюллетендер укөккө топ тобу менен салынып, бир жарандын бир нече ирет добуш берүүсүнө жол берилип келген. Ушундай башаламан өткөн шайлоолордун жыйынтыктары эки жолку революцияга себеп болду. Азыр андай бурмалоолорду жасаганга мүмкүнчүлүк жок, деп ишендирип келишет. Бирок бул шайлоо таза өтөт дегенди түшүндүрбөйт. Анткени саясий күчтөр өтө коркунучтуу, опурталдуу ыкманы пайдаланууга өтүштү. Административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алуу. Буга байланыштуу мыйзам бузуулар ондоп саналат. Бирок чара көрүү жагы чабал болуп жатат.

Өткөн жумада Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдан бери добуш сатып алуу боюнча ишти тергеп бүтө албаган Ички иштер министрлигине нааразы болуп, өкмөткө министрдин жоопкерчилигин кароо сунушун берди. Факты бар, бирок реакция жасалбай, чара көрүлбөгөнү — шайлоонун таза өтүшүнө күмөн саноолорду күчөтүүдө. Ар кандай ыплас ыкмалар колдонулуп жатканда, адилет шайлоо өткөрүүгө болобу? Элдин аң сезимин өзгөртүп, талапкерлерге акчасына эмес, акылына карап баа берүүгө үйрөтүүгө болобу? Жарандардын шайлоо алдындагы маанайы кандай?