Шайлоо учурунда санитардык эрежелерди сактайлы! (видео)

3337

Парламенттик шайлоо пандемия шартында өтүп жаткандыктан, жарандарга дагы, комиссия мүчөлөрүнө дагы ыңгайсыздыктар, кошумча түйшүктөр жаралууда. Бирок баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн санитардык талаптарды аткаруудан эринбейли.

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп бараткандыктан, бекитилген алгоритм кынтыксыз аткарылышы керек. Бюджеттин эсебинен өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларына 3,5 миллион медициналык бет кап, кол кап жеткирилди.