Жумалык (07.12.20 – 12.12.20) (видео)

1538

Раимбек Матраимовдун аты эми дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Мурдагы бажы кызматкери Американын кара тизмесине киргизилди. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жеке өзү Раимбек Матраимовго арнап билдирүү жасады. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну сунуштады.

Мамлекеттин акчасын шайлоодо бир партиянын кызыкчылыгы үчүн колдонгон экинчи экс-аткаминер колго түштү. Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Бакир Таиров кайсы партия үчүн, кайсы органдын казынасын бөксөрткөн? Бюджеттин акчасын пайдаланган партия жетекчилери жоопкерчиликке тартылабы? Эмне үчүн ал саясий уюмдардын аты ачыкталбай жатат?

Кара жанын карч уруп кара жумушта иштегендер. Иштин эң оорун, эң кирин жасагандар. Мээнет, ак эмгек менен адал акча таап үй-бүлөсүн баккан энелер.

Айтматовсуз өткөн 12 жыл. Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович 92 жашка чыкмак.