Дача СУ кырсыгы. Кандуу жүк кимдики? (видео)

1357

Үч жыл мурдагы авиакырсыкта курман болгондор эскерилди. 2017-жылы 16-январдын таңындагы окуя бүтүндөй кыргызстандыктарды кайгыга салган. Дача СУ айылындагы 35 киши таттуу уйкудан ойгонбой калган. Кыштактын бир бөлүгү бир заматта топуракка айланды. Кытайдан Түркияга жүк ташып бараткан учак «Манас» аэропортуна коноюн деп жатканда кырсыктаган. Ошол окуяда жакындарын жоготкондордун дагы деле көксөөсү сууй элек, күйүт тартышууда. Уул кыздарынан айрылган энелердин көз жашы кургай элек. Балким кандуу жүктүн ээси ачык айтылып, күнөөлүүлөр жазага тартылса, алардын суроолору азаят беле? Дача СУлуктар азыркыга чейин самолетто контрабандалык товар болгонбу, ага таасирдүү адамдардын тиешеси барбы, деп шек санап келишет.

Эки жыл мурда биздин расмий органдардын өкүлдөрү кыйраган учакта Кыргызстандын жарандарынын жүгү болгон эмес, деп айтышкан эле. Товар Украина, Израиль, Англия, Испания, Португалия жана Араб өлкөлөрүнүн ишкерлериники дешкен эле. Ошондой эле, расмий маалымат боюнча самолетто тиричилик техникасы, телефон жабдыктары, от жандыргычтар жана уюлдук телефондор болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы учак кыйраганда Транспорт прокуратурасы тарабынан «Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ошол эле жылы иш токтотулган.

Былтыр Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселе каралып жатканда, парламентте депутаттар башкы прокурорго Дача СУдагы окуяга байланыштуу суроолорду да көп беришкен эле. Анда Өткүрбек Жамшитов эки жыл мурда токтотулган кылмыш иши жандандырылып, Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин айтканы бар. Бирок министрлик тергөөнүн купуялуулугу деп маалымат бербей келет. Дача СУга кулаган учактагы жүк боюнча коомчулукта көп шектенүүлөр бар. Бирок арадан үч жыл өтсө дагы суроолорго так жооп айтылбай, жакындарын жоготкондорду бүдөмүк ойлор басып келет.