Маданият министрлиги фейктер менен кантип күрөшкөнү жатат? (видео)

1537

Ушул аптада өткөн митинг интернеттеги социалдык тармактын колдонуучуларынын күчү менен өткөрүлдү десек болот. Алгач, фейсбукта талкуулар болуп, митинг уюштуруу демилгеси ошол жактан көтөрүлүп, анан активдүүлөрү көчөгө чыгышты. Бирок арасында агрессивдик маанайдагы чакырыктарды таштады, аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылды деп бир адам УКМКга камакка алынды. Ага буга чейин деле эскертүүлөр болуптур.

Чындыгында, акыркы учурда социалдык тармак чоң аянтчага чечим кабыл алууга таасир берүүчү күчкө айланып баратат. Бирок, аны саясий жеке максатта, бирөөгө каршы колдонгон учурлар дагы жок эмес. Мындай шартта социалдык тармакты колдонуунун тартибин киргизүү же жалган жалаа жапкан пост жазгандарды жазалоо сунуштары да көтөрүлгөн. Бирок бул сөз эркиндигин чектөө аракети катары бааланып келет. Сөз эркиндигин чектебей, ошол эле убакта социалдык тармакта чектен чыккан учурларды тизгиндөөгө мүмкүнбү?