Дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус (видео)

4863

Өзгөчө абалды киргизүүгө жетпей эле, өзгөчө кырдаал режими менен коронавирусту жеңип чыгабыз деп үмүт артып туралы. Бул илдетке туруштук берүү үчүн эң биринчи гигиена, тартип жана жоопкерчилик керек. Дүйнө окумуштуулары, эл аралык дарыгерлер дүрбөлөңгө түшпөй, тартипти так аткарууга чакырышууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адам башка оорулардан көбүрөөк жабыркаарын айтып статистикалык маалыматтарды таратып келет.

Эң башкысы, оорунун алдын алып, жоопкерчиликтүү мамиле кылсак эле, жаңы типтеги вирусту жеңип чыкчудайбыз. Кошумчалай кетчү кызыктуу учур, колуңарды бат-баттан самындап жууп тургула деген кеп-кеңештер тарагандан кийин, элдин баары бул эрежени аткара баштаганы башка дагы оорулардын алдын алууда. 20-мартта Бишкектин медициналык тез жардам кызматына тарыхта биринчи жолу бир дагы адам ич оору менен кайрылбаптыр.