Жумалык: Жаш талапкерлер өлкө үчүн маанилүү маселе чечүүгө даярбы? (видео)

826

Азыр 16 партиядан 2032 талапкер парламенттеги 120 мандат үчүн ат салышууда. Алардын арасынан жашын дагы, улгайганын дагы, билими барын дагы, жогун дагы кездештирүүгө болот. Мыйзамда депутат болууну каалагандар үчүн эч кандай деле чектөө жок. Эң башкысы жашын 21ден өткөн, акыл эсин ордунда болсоң жетиштүү. Жогорку билимим жок эле деп сарсанаа болуштун кереги жок.

Башка өлкөнүн жарандыгын алгандар жана соттолгондор гана депутаттыкка ат салыша алышпайт. Соттолгондор демекчи, эл өкүлдүктү кыялданган талапкерлердин он пайызы мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар, абакта отуруп чыккандар. Арасында учурда үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандары дагы бар. Алар кантип кандидат болуп калышты?