НТС

Жумалык: А. Маматалиев «Шайлоо алдында көп кызыктар болот» (видео)

Өткөн аптада мамлекеттик экотехинспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев мекемедеги жемкорлукту жое албай койду деп кызматтан алынган. Анын маселеси коопсуздук кеңешинин жыйынына чейин жеткен. Экотехинспекцияда бир нече адам пара менен кармалган, ал эми жетекчи ошол жемкорлукка жол ачкан схемаларды көз жаздымда калып келген. Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орду дагы дээрлик бир жылдан бери бош турат. Аны буга чейин жетектеген Акрам Мадумаров былтыр апрель айында эле Баткен областын башкарганы кеткен.

Андан бери кадр кызматына ылайыктуу кадр чыкпай жатабы же бул мекеме унутулуп калдыбы, айтор өкмөт башчы чечим кабыл ала элек. Өкмөттөгү кадр өксүгү жана акыркы орун алмашуулардын шайлоого байланышы барбы? Буга чейин кадр маселесин устукан бөлүштүргөндөй калчаган көпчүлүктүн коалциясы эмнеге үн катпай калды? Өлкөдөгү маанилүү саясий өнөктүктүн алдында дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?