Бул жумада Дүйнөлүк банк өтө кызыктуу, бир жагынан алганда чуулгандуу иликтөөсүн жарыялады. Анын үстүнөн үч адам иштеген. Алар эл аралык донордук уюм тарабынан берилген насыя, гранттардын сарпталышын изилдеп, өтө кызыктуу көрсөткүчтү таап чыккан. Бул иликтөөгө алынган эң жакыр, жеңилдетилген кредиттерге көз каранды 22 өлкөнүн бири Кыргызстан болбогондо, маани деле берилбей калмак. Эми анын бүтүмү тууралуу айтсак. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул мамлекеттер сырттан чоң каржылык жардамды алаары менен, ошол өлкөлөрдөн дароо тышка ири суммадагы акча которуулар башталары аныкталган. Тагыраагы, алынган кредиттин 7,5 пайызы ошол замат офшордук аймакка чыгарылып кетет экен. Бул тышка которулган бөлүгү гана.
Иликтөөдө акчалар мындан да көп уурдалышы мүмкүн деп өзгөчө баса белгиленген. Анткени кредит алынгандан кийин өлкө ичинде кыймылсыз мүлк, кымбат баалуу буюмдарды сатып алуулар эсептелген эмес. Экономикасы өтө чабал мамлекеттерге насыя берилгенде, ал жактан сыртка чыккан ири суммадагы акча которуулардын дароо көзгө урунушу иликтөөнү бир аз жеңилдеткен.
Кыргызстан кредит алууда Дүйнөлүк банктын туруктуу кардары десек болот. 28 жыл ичинде бул уюмдан өлкө 1,5 миллиард доллардан ашык кредит, грант алыптыр. Эгер бул суммадан иликтөөдө айтылгандай 7,5 пайызы офшордук аймакка которулса, Кыргызстандын эли 112 миллион доллар же 8 миллиард сомун аткаминерлерге уурдатыптыр. Биз азыр Дүйнөлүк банктан алган карызды гана эсептедик. Кыргызстан андан башка дагы эл аралык финансылык уюмдардан миллиарддаган каражаттарды алганын унутпайлы. Ошентип азыр өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиард долларга жетейин деп калды. Мамлекеттин бересеси кантип башталган жана кантип өсүп турган?