Жумалык (17.02.20 – 23.02.20) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

1218

Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан кийин кезектеги инвестор баштай элек ишин таштай качты. Ири долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашпай жатканына эл күнөөлүүбү же ишти ачык, таза жүргүзө албай жаткан аткаминерлердин алешемдигиби? Ат-Башыда логистикалык борбор куруу демилгеси ара жолдо калды.

Шайлоонун алдында саясатчылардын сөзүнөн сак болгула! Президент дагы депутаттарды популисттик билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды. Парламентте мыйзам чыгаруу иштери солгундады.

Дүйнөлүк банктын изилдөөсү коррупционерлерди дүрбөлөңгө түшүрдү. Кыргызстанга сырттан келген насыя гранттардын бир бөлүгү аткаминерлердин капчыгына түшөт. Эл аралык уюмдун изилдөөсүнө эмне үчүн мамлекеттик органдар ооз ачпай жатат? Бул жолку иликтөөдө аткаминерлер кайсы шылтоону айтып актанат?

Чеги жок импорт элдин саламаттыгына коркунуч жаратуудабы? Эмне үчүн керектөөчүлөр Кыргызстандын эмес, Кытайдын товарына артыкчылык беришет? Сырттан ташылган тамак-аштын сапатына кепилдик берген сертификаттарга ишенүүгө болобу?