Такси кызматын көрсөткөндөр үчүн патенттин наркы өзгөргөн жок

4506

Жүргүнчүлөрдү ташуу же такси кызматын көрсөткөн жарандар үчүн патенттин наркы өзгөргөн жок. Бул тууралуу “Азаттык” Мамлекеттик салык кызматына шилтеме берип кабарлайт. Маалыматка ылайык, Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы — 500 сом, камсыздандыруу полиси — 775 сом бойдон турат.

Такси кызматы үчүн алынуучу патенттин баасы аймактарда ар түрдүү. Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында аймактардагы патент наркы тууралуу кеңири маалымат камтылганын билдирүүдө.

Патентти таксист өзү катталган райондук салык органына барып, кагаз жүзүндө, ошондой эле Интернет аркылуу онлайн түрүндө да ала алат. Электрондук патентти салык кызматынын www.salyk.kg – «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервиси аркылуу же 2017-жылкы жаңы үлгүдөгү ички паспорт аркылуу алууга болот.