Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөнүнө 75 жыл толду (видео)

7608

Элчилерге жана мамлекеттик органдарга экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанда экологиялык таза өлкөнүн статусун сактоого жана өнүктүрүүгө, аны улуттук брендке айлантуу жаатында иштер жүрүүдө.

Экологиялык дипломатия жаратылышты коргоо, экологиялык кризистердин алдын алуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү иш-аракеттерди болтурбоо багыттарында чет өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу кызматташтык. Өлкө башчы дал ушул жаатта иш-чараларды иштеп чыгууну өкмөткө сунуштады.