Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленди (видео)

6043

Мамлекеттик туу күнү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленип, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Авторлордун айтымында, 28 жыл мурда желек кызыл эмес, көк түстө болуп кала жаздаган.

Бирок бир топ ийри олтуруп, түз кеңешүүдөн кийин тиешелүү комиссия менен орток пикирге келе алышкан. Ошондой эле, алтын күн байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргыз өлкөсүнө бириккендигин айгинелеп, кырк нурду камтыган түндүк чагылдырган алгачкы Мамлекеттик туу бир түндө тигилип, даярдалыптыр.