Маданият кызматкерлери маянанын аздыгын эскертишти (видео)

4818

Көңүл сыртында калган маданий чөйрөнүн өкүлдөрү. Китепкана жана музейдин кызматкерлери маяналарын көтөрүү өтүнүчү менен тиешелүү министрликке кайрылышууда. Айтымдарында, алардын айлыгы акыркы жолу 10 жыл мурда жогорулатылып, ошону менен токтогон.

Бул тармакта иштегендердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө 4,5 миң айлык алышат экен. Бул эч нерсеге жетпейт, дешет алар. Мындай маянага макул болгондордун көпчүлүгү да, пенсиясына кошумча болсун деген кары-картаңдар. Маданий кызматкерлеринин үнү тиешелүү жактарга жетеби?