20 жылдан бери үйгө жетпей жүргөн маданият өкүлдөрү (видео)

1543

Аз айлык алса да жумушун сүйгөн маданият өкүлдөрү жана алардын үйлүү болсом деген кыялы. Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайларда балдарды тарбиялап, улуттук аспаптардын түрлөрүн үйрөтүп келген бир топ агартуучулар жеке турак үйүнүн жоктугунан үй-бүлөлөрү менен батирде, жатаканаларда күн кечирип келишет.

Мындай өнөр адамдарынын катарында жетигенчи Бактыгул Абдисаламова, ооз комузчу Кутманаалы Султанбеков бар. Ал эми Улуттук филармонияда этно-фольклор жанрындагы чыгармаларды аткарган Нурбек Серкебаев болсо, тапкан маянасы батиринин акчасына жетпегендиктен, аргасыз жумушун таштап, көчүп кеткен.