2240

Көк бөрү: Таластын “Ынтымак” командасы жеңди

Кок-бору3
Оюн Бишкек шаарындагы Ак-кула ат майданында өтүп, Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары финалда беттешкен. Көкбөрүчүлөрдүн кармашы 16 Беттештин биринчи бөлүгү 7:5 эсебинде жыйынтыкталып, Оштун “Достук” командасы эки упай менен алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп 7:7 болуп тең чыгып, дагы кошумча 10 мүнөт берилди. Андагы кыл чайнашта Таластын оюнчулары 8:7 эсебинде биринчиликти камсыздаса, Оштун “Достук” командасы экинчи орунду алды. Ал эми Сокулуктун командасы 3-орунду ээледи. Жыйынтыгында “Ынтымак” командасына 350 миң сом, “Достук” командасы 250 миң жана Сокулуктун оюнчуларына 150 миң сом тапшырылды. Андан сырткары, ” Мыкты ат” наамын “Ахилес” жылкысы алып 10 миң сомго ээ болду. “Мыкты оюнчу” наамы “Достук” командасынын оюнчусу Аскат Аскаровго берилди.