79

Кабул шаарындагы Ирактын элчилигинин алдында 2 жардыруу болду

Ирак
Афганистандын борбору Кабул шаарындагы Ирактын элчилигинин алдында 2 жардыруу болду. Тартип сакчыларынын айтымында, алгач куралчан адамдар имаратка кирүүгө аракет жасашкан. Көп өтпөй, бомба коюлган унаа жарылып, анын артынан жанкечти-террорист өзүн-өзү жардырып, имаратты кайтарып турган эки күзөтчү мерт кеткен.

Ошондой эле, күч кызматкерлери менен атышуу учурунда элчиликке кол салган 3 согушкер өлтүрүлгөн. Полиция кызматкерлери жардыруу болгон аймакты курчап, андагы жашоочулар эвакуацияланды. Рейтер агенттиги билдиргендей, бул кол салууну “ИГИЛ” экстремисттик тобу өз моюнуна алган.