НТС

Кабул терроризмге шектелген тажик жарандарын Дүйшөмбүгө экстрадициялады

epa04437041 Afghan authorities stand guard at Pul-e-Charkhi prison as authorities prepare to execute five rapists in Kabul, Afghanistan, 08 October 2014. Five people who raped four women one month ago, as well as Habib Estalef, head of a kidnapping network, were executed today in the Pul-e-Charkhi jail, said Kabul police chief, General Mohammad Zahir Zahir. EPA/JAWAD JALALI

Кабул терроризм боюнча шек жараткан Тажикстандын үч жаранын 11-декабрда Дүйшөмбүгө экстрадициялады. Аларды эки ай мурда Ооганстандын атайын кызматтары колго түшүргөн.

Кабарларга ылайык, шектүүлөр Ирандын Захидан провинциясы аркылуу Ооганстанга жетип, ал жактан «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулууну көздөшкөн. Үчөөнүн бирөө аял экени маалым болду.

Быйыл март айында Хатлон облусундагы бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү Ирандан Тажикстанга экстрадицияланган. Алар да ушундай жол менен Ооганстанга жетип, экстремисттик топтун катарына кошуулуну көздөп баратышканы маалым болгон.

Нью-Йоркто жайгашкан «Soufan Group» аналитикалык компаниясынын баяндамасына ылайык, Тажикстандын 700дөн ашуун жарандары Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кошулуп кетишкен. Алардын көбүнүн тагдыры белгисиз.