НТС

Кабыргасы ката элек жатып, кара жумушка тартылгандар (видео)

Инспекторлордун түшүндүрүү иш чарасынын алкагында Бишкектин таштанды талаасында апасы менен биргеликте желим бөтөлкө чогултуп жүргөн өспүрүм табылды. Ал мектепке барбай, окуусун таштап коюп, акча табуунун аракетин көрүп жүргөн.

Ал эми апасы оор турмуштан улам уулун ушундай жумушка аралаштырууга аргасыз экенин айтууда. Бирок тартип сакчылары бул туура эмес экенин түшүндүрүүгө аракет кылышты.