242

Кадыр Маликовго кол салгандардын дагы бири 18 жылга эркинен ажыратылды

Арестант
Диний ишмер Кадыр Маликовго кол салгандардын дагы бири Ырыскул Бейшеналиев 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Кылмышка шектүү Бейшеналиев Түркиядан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Сот аны “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөсү жана Маликовго кол салуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Буга чейин анын шериги Алибек Тилек уулу өмүр бою эркинен ажыратылган. Диний аалым Кадыр Маликовго 2015-жылы ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, кылмышкерлер анын бетине бычак шилтеген. Белгилүү теологту өлтүрүүнү көздөгөндөр Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп баратканда кармалып, Кыргызстанга өткөрүп берилген.