Колго жасалган жылытуучу мештер 2 эсеге кымбаттады (видео)

3518

Колго жасалган жылытуучу мештин баасы былтыркыга салыштырмалуу 2 эсеге жогорулап кетти. Өткөн жылы 12 миң сом турса, жай айларынан тарта 22 миң сомдон сатыла баштаган. Аны жасагандар темир кымбаттап кеткенинен улам жылытуучу мешке болгон баа көтөрүлгөнүн айтышууда.

Кымбатына карабай учурда суроо талап жогорулаган. Айрыкча, суук түшкөнү меш алгандар көбөйгөн. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай конструкцияларды колдонууда этият болууга чакырууда. Себеби былтыр өлкө боюнча 21 адам мештен чыккан истен каза тапкан.