Эколог: Бишкекте дем алуу кооптуу (видео)

2426

Бишкектеги абанын кирдеши дипломаттарды качырууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Болот Жунусов айтты. Ал берген маалыматка таянсак, былтыр 3 чет өлкөлүк дипломат абаны тазарта турган жабдыктар түгөнүп калганына байланыштуу Кыргызстан менен келишимди бузуп, мекенине кетип калган. Бул өлкө үчүн кооптуу сигнал, дейт Жунусов.

Чындыгында эле, ордо калаанын айрым жерлеринде абанын кирдеши нормадан 5 эсеге жогору болуп жатканын көз карандысыз уюмдун өкүлдөрү изилдеп чыгышкан. Бирок тиешелүү мамлекеттик орган муну менен макул эмес.