Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деди (видео)

2916

Президент Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы түзүлүшүн жана курамын сунуштады. Ага ылайык, буга чейин бириктирилген айрым министрликтер кайра ажыратылса, түзүлгөнүнөн көп убакыт өтө элек кээ бир мекемелер эмнегедир тизмеге кирбей калган.

Ошондой эле, жаңы министрлер кабинетинен жаңы жүздөр менен кошо мурда-кийин иштеп кеткен экс-аткаминерлерди да көрүүгө болот. Ошол эле убакта бир тобу буга чейинки кызматтык орундарын сактап калышкан. Жогорку Кеңештин тармактык комитети министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карады. Өкмөткө кимдер келгени жатат?