Коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшү (видео)

4735

Быйыл 12 судьяга карата кылмыш иши козголуп, анын үчөө сотко жөнөтүлдү. Дагы 9 фемида өкүлүнө карата ачылган соттук өндүрүш тергелүүдө. Бул тууралуу башкы прокуратуранын өкүлдөрү билдиришти.

Жогорку Кеңеште «Республика – Ата Журт» фракциясы өлкөдөгү коррупция менен күрөшүү жаатындагы кырдаалды талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар ири коррупиялык иштер аягына чыкпай, ал эми жемкорлукка шектелгендер кармалбай жатканын сынга алышты. Эң кейиштүүсү коррупция менен күрөшө турган органдардын 50дөн ашуун кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү чыккан.