Таксистти скотч менен байлап камыштардын арасында таштап кетишти (видео)

7259

Таксисттин өмүрүнө кол салды деген шектүүлөр №1 тергөө абагына киргизилди. Алар 2 айга чейин камакта болушат. Мындай чечим Чүй областынын Аламүдүн райондук соту тарабынан чыгарылды. 2 жигит 28-октябрда Калыс-Ордо конушунда такси айдоочусуна бычак такап, жанындагы 7 миң сому менен уюлдук аппаратын тартып алышкан.

Андан соң анын көзүн, оозун скотч менен танып, колу-бутун байлап туруп камыштардын арасына ыргытып жиберишкен. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине «каракчылык» беренеси менен каттоого алынып, экөө колго түшүрүлгөн. Алар мурда соттолгондор экени аныкталды.