COVID-19дун экинчи толкуну жакындадыбы? (видео)

2574

Кыргызстанда медицина тармагындагы бир топ ата мекендик адистер тиешелүү мамлекеттик мекемелер коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу боюнча чукул жана жигердүү чараларды көрүү керектигин айтып, коңгуроо кагышууда. Болбосо илдеттин кесепеттери оор болуп калышы ыктымал деп эскертишүүдө. Учурда Кыргызстан айрым өлкөлөр менен авиа каттамдарын жандандырып, бир катар мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берген.

Алар келгенден кийин баштагыдай обсервацияга да алынышпайт. Болгону дене табы өлчөнүп, жаңы типтеги вирустун эч кандай симптомдору билинбесе үйлөрүнө кое берилет. Ошондой эле, бир топ мекемелер кире бериште дене тапты өлчөп, колго санитайзер чачуу сымал эрежелерди сактабай да калышты.