Эдуард Кубатов Эвересттен тере келген таштарын кимге берет? (видео)

3418

Альпинист Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырып келгенден кийин Кыргызстандын тоолоруна чыгууну каалаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйүшү мүмкүн. Мындай пикири менен тоо гиддери ассоциациясынын өкүлү Андрей Ерохин болушту.

Былтыр бул жактагы чокуларга чыккандардын саны 400гө чукулдаса, быйыл 2000ге жакындайт деген божомолдор бар. Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов Эверестте Кыргызстандын желегин желбиреткен алгачкы спортчу болуп калды. 5-июнда мекенине кайтып келген альпинист алдыда дагы 2 бийик чокуну багындырууну максат кылууда.