Сууга аккан кызды куткарган куруучу (видео)

1718

Бишкекте сууга агып бараткан 10 жашар кызды сактап калган адамга мамлекеттик сыйлык берилиши керек. Мындай демилгени интернет колдонуучулар көтөрүшүүдө. Кечээ түштөн кийин саат үчтөр чамасында Аламүдүн-1 кичи районунда сууга агып бара жаткан жеткинчекти өз өмүрүн тобокелге салган 34 жаштагы куруучу куткарып калган.

Ага ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары да көмөктөшкөн. Аянага экинчи өмүр тартуулаган Залкар Сулайманов менен кыздын апасы жолугуп, ыраазычылык сөзүн айтып, көзүнө жаш алды.