Тез жардам унааларына жол бошотпогон айдоочулар (видео)

2032

Бишкек шаарында “Маяк” деген аталыштагы рейд уюштурулуп, патрулдук милиция  элге ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө шашкан дарыгерлерге жол бошотпогон айдоочуларды жазалады. Анткени адам өмүрүн сактап калууга бара жаткан тез жардам унаалары тыгындын айынан өтө албай, кармалып калган учурлар көп кездешүүдө.

Бүгүнкү рейддин жүрүшүндө 5 айдоочуга карата протокол түзүлдү. Алардын ар бири 10 миң сом айыпка жыгылды. Патрулдук милиция тез жардам унаасына жол бошотуп бербегендерге штраф салынарын эскертүүдө.