НТС

Канат Исаев президенттик шайлоого катыша турганын билдирди

Бул тууралуу Канат Исаев парламенттин жыйынында билдирди. Ал мындай кадамын президенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Исаев парламенттин спикери катары 13-октябрдан бери эле иштеп жаткан. Ал сүйлөп бүтөр менен эле Жыргалбек Турускулов «Республика-Ата Журт» фракциясынын атынан төрагалыкка Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштады.

Эске салсак, 28-октябрь күнү болгон парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеште Канат Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп жатканы жана ага 80ден ашык депутат кол койгону белгилүү болгон. Анда Исаевдин ордуна Мамытов барары айтылып жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.