Өлкөдө акча тартыш, бирок президенттик шайлоого каражат табылат (видео)

3164

Өлкөдө акча тартыш, бирок президенттик шайлоону өткөрүүгө каражат табылат. Бул тууралуу шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Айтымында, өнөктүккө жарым миллиард сом бөлүү каралган.

Ошондой эле, баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган референдум да өтө турган болсо, ага да каражат изделе баштайт экен. Учурда айрым депутаттар президенттик шайлоо менен Конситуцияны реформалоо боюнча жалпы элдик добуш берүүнү бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатышат. 2 айга жетпеген убакта өтө турган өнөктүккө даярдыктар кандай?