НТС

Канат Исаевге каршы арыз жазган киши кылмыштуу топтун мучөсүбү? (видео)

Жогорку Кенештин депутаты Канат Исаевге каршы арыз жазган киши, кылмыштуу топтун мучөсүбү? Бүгүн башамаландык уюштурууга айыпталып кармалган Канат Исаевдин адвокаты Улан Жумаков маалымат жыйын өткөрүп, анда арыз жазган адам Арсен Курманалиев экенин билдирди. Учурда анын уюшкан кылмыштуу топторго катыштыгы текшерилип жатканы белгилүү болду. Ал эми Исаевдин кармалышына негиз болгон жашыруун видео тасма ким тарабынан, качан тартылганын эч ким айта албай жатат, дейт адвокат. УКМКнын тергөөчүлөрү кылмыш иши «жашыруун документ» экенин жүйөө кылып, эч кандай маалымат бербей жатканы айтылууда.