Банктын айланасындагы кырдаал (видео)

5389

Соттордун иштин чоо-жайын териштирбей туруп кабыл алган дагы бир чечими ишкерлерди чочутууда. Кеп капиталы менен активдери миллиарддаган сомду түзгөн Кыргызстан коммерциялык банкынын айланасындагы кырдаал тууралуу болуп жатат. Кызматка отурганына бир ай боло элек судья “Азия Истейт” компаниясынын 16 объектин камакка алган чечим чыгарып койду. Анткени Финансы полициясынын тергөөчүлөрү бул мүлктөрдү учурунда «Кыргызстан» банкы арзан саткан деп шекшип жатыптыр. Компаниянын өкүлдөрү соттун чечимин мыйзамсыз деп баалашууда. Анткени абройлуу эл аралык аудитордук компания 16 объект тең учурунда базар баасына ылайык сатылган деген бүтүм чыгарып берген. Ал гана эмес, алып-сатуу иштери ачык айкын жүргүзүлүп, анын баары улуттук банктын көзөмөлүнүн алдында болуптур.

Эң башкысы «Кыргызстан» банкы менен «Азия Истейт» компаниясынын бири-бирине дооматы дагы жок экен. Тиешелүү салыктар төлөнүп, ал боюнча текшерүү жүргүзгөн органдар дагы мыйзам бузуу таба алышкан эмес. Андыктан дүрбөлөң салууну каалаган тараптардын максаты түшүнүксүз болууда. Маалыматтарга караганда, мунун баарын финансылык мекемеде эң аз акцияга ээлик кылган бир аялдын колу менен жасалып жатыптыр. Аны болсо кызматка жаңы эле отурган судья колдоп койгону таң калтырбай койбойт. Соттордун ушундай чечимдеринен улам, акыйкат издеген жарандардын саны арбып баратса керек. Мындай судьялар калыстыкка чакырган президенттин сөзүнө дагы кулак салбай калыштыбы?