1065

Каныш-Кыя жана Чаткал айылдарына гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Чаткал Кг.mp4_20170216191805
Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы калың кардан жабыркагандарга гумжардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Катаал аба-ырайынан жапа чеккен Каныш-Кыя жана Чаткал айылдарына 108 килограмм чай, 300 даана жууркан, консерваланган балык, 150 килограмм макарон жана 180 килограмм консерваланган эт жеткирилет. Эске салсак, өткөн дем алыш күндөрү Чаткал районунда 4 күн тынбай кар жаап, калк жашаган аймактарда кардын калыңдыгы 2 метрден ашкан. Мунун кесепетинен жолдордогу каттамдар токтоп, райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Бала-бакча, мектеп жана социалдык мекемелер ишин убактылуу токтоткон. Кечээ эртең менен болсо тазалоо иштери жүрүп, жолдор ачылып, аймактан өзгөчө кырдаал режими алынганы кабарланды.