Таш-Көмүр шаарында автоунаа 50-60 метр бийиктиктен кулап, үч адам каза болду

4344

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында катталды. Маалыматка ылайык, “Тойота Виш” үлгүсүндөгү жеңил унаа Бишкек-Ош жолунун 449-чакырымына келгенде трассадан чыгып кетип, болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 3 жүргүнчү ошол жерден мерт кеткен. Маркумдардын экөө кыз киши болсо, бирөө тогуз жаштагы жеткинчек экени белгилүү болду. Мындан тышкары, беш эркек адам ар кандай жаракат алганы айтылууда.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш куткаруучусу жана 5 милиция кызматкери барган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп бергени кошумчаланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.