НТС

Караңгы Бишкек. Энергия үнөмдөлүп жатабы? (видео)

Энергетиктердин электр жарыгын үнөмдөө үчүн чыгарган буйругу аткарылып жатабы? Азырынча кафе-ресторан, эс алуу жайларынын баары эле сырткы жарыктандырууну өчүргөн жок. Айрымдары жаңы эрежелер менен макул эмес. Улуттук энергохолдинг ишканасынын башчысы мындай чектөөлөр бир гана ишкерлик кылгандарга гана тиешелүү эмес экенин, мамлекеттик мекемелерде, үйдө дагы электр жарыгын сарамжал колдонуу керектигин эскертүүдө.

Маалыматтарга караганда, Бишкекте жайгашкан мамлекеттик мекемелердин эле электр энергиясы үчүн болгон карызы 10 миллион сомдон ашыптыр. Андыктан эң ириде аткаминерлер, депутаттар үнөмдөөнү өздөрүнөн баштап, элге үлгү көрсөтүшү керек.