Бишкектин көчөлөрүнө 1,5 млн гүл отургузулат (видео)

1183

Гүлгө оронгон шаар. Апрель айынын ортосунда Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 1,5 миллионго жакын гүл отургузулат. Учурда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын күнөсканасында көчөттөрү өстүрүлүүдө. Ал жакта гүлдүн 20дан ашык түрү бар.

Алар жалгыз гана ордо калаанын негизги көчөлөрүнүн көркүн ачпастан, эс алуу бактарына да тигилет. Күндүн жылышы менен дарактардын ар кандай көчөттөрү дагы отургузула баштайт.