Ооруканаларда 7 миң 170 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

16558

Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 170 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Ал билдиргендей, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 2 миң 167 адам жана 5 миң 3 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 2 миң 753 киши, Ош шаарында – 566, Чүй облусунда – 742, Ош облусунда – 1 миң 152, Нарын облусунда – 154, Ысык-Көл облусунда – 696, Жалал-Абад облусунда – 602, Талас облусунда – 128, Баткен облусунда 389 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 569 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 38 110ду түзөт. Алардын ичинен 29 510 киши айыгып чыкты, 1 438 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.