Бишкек ЖЭБде кайрадан ири коррупциялык схема аныкталды (видео)

2546

Бишкек Жылуулук электр борборунда кайрадан ири коррупциялык схема аныкталды. УКМКнын билдирүүсүнө караганда, “Кыргызкөмүр” тарабынан кара отун жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери көмүрдүн сапатын тастыктаган лабораториялык чечимди жасалмалап, акчага сатып турушкан. Мындай коррупциялык иштер борбордун жабдууларын бузуп, булганыч заттардын абага тарашына себеп болгону белгиленген.

Өткөн жума күнү атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев да Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган 20 ишкананын ар бири 1 миллиондон 5 миллион сомго чейин пара берерин айтып чыккан. Сапатсыз көмүр ташуу үчүн ишканалар кайсы чиновникке миллиондоп пара берип турган?