Митинг учурунда жабыркагандарга кенемте төлөнөбү? (видео)

7712

Элдик толкундоолор учурунда жабыркагандарга кенемте төлөнөр — төлөнбөсү белгисиз. Бул боюнча бир дагы мамлекеттик органда маалымат жок экен. Ал эми Ички иштер министрлиги, алган жаракатына карата милиционерлерге компенсация берилет деп ишендирүүдө. Бишкектеги башаламандык учурунда жабыр тарткандардын саны миңден ашып, 200дөй киши ооруканага жаткырылган.

Учурда алар четинен үйлөрүнө чыга башташты. Ошентсе да абалы оор болуп жаткандары да бар. Митингдеги кагышылуудан кийин бир көзүнөн айрылган 2 жаран  азыркы тапта Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат.