Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармала баштады (видео)

4602

Акыркы бир жуманын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун 9 мүчөсү камакка алынды. Жетөө — Бишкекте колго түшсө, экөө — Жалал-Абадда кармалган. Алар 2 башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Шектүүлөрдүн арасында мурда соттолгондор бар.

Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн тузакка түшүрүлүшүн — алдыдагы шайлоого байланыштыргандар да жок эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков парламентке келүүнү эңсеген 4-5 партияда онго жакын кандидат — уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экенин айтууда.