287

“Карышкыр” деген каймана аты менен белгилүү жаран Россиядан депортацияланат

4
Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана аты менен белгилүү кыргызстандык жаран Мурсалим Өмүрзаков Россиядан депортацияланат. Бүгүн интернетте Орусиянын тартип сакчылары тиешелүү чечимди окуп берип жатканы тартылган видео тарады. Анда Россиянын Ички иштер министрлиги 17-июлда кабыл алган чечим боюнча Өмүрзаков бул өлкөнүн аймагынан чыгарылуусу керектиги, эгер аны аткарбаса мындан кийин Россиянын аймагына кирүү укугунан толук ажырай тургандыгы эскертилет.

Эске салсак, 2013-жылы Өмүрзаков Москвада кылмыштуу топтордун бирин жетектейт, деген айып менен кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Эки жылдан кийин ал бошонуп, бирок көп өтпөй Москвада маңзаты менен кайрадан кармалган болчу. Ошол убакта Россияда кыргызстандык мигранттарга кысым көрсөткөн кылмыштуу топтор пайда болгону белгиленген.

Кийинчирээк Шериктештик мамлекеттеринин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоо боюнча Кыргызстандагы бюросунун жетекчилиги Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте аткарылган иштин жыйынтыгында кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү кармалып, абакка отуругузулганын билдирген.