ИИМ Равшан Жээнбековдун камакка алынганын тастыктады

4897

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынды. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Кылмыш кодексинин «барымтага алуу» жана «массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренелери боюнча айып коюлган. Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында отурат.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына бир нече жолу суракка чакырылган болчу. Кечээ болсо, Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун уккан. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар Равшан Жээнбековдун жоопкерчилигин кароо керектигин айтып чыгышкан болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.