Матраимовдордун адвокаты үч медианын эсебин камактан чыгаруу боюнча арыз берди

4976

Матраимовдордун адвокаты Бишкектин Свердлов райондук сотуна жаңы арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Маалыматка караганда, жактоочу «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» басылмаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн. Тактап айтканда, арыз банк эсептерин камактан чыгаруу жөнүндө гана болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи.

Эске салсак, бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту аталган тараптардын эсептерин камакка коюу чечимин чыгарган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.